ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 4-заседаниеси
2013-жылдын 19-апрели № 4/3
Гулчө айылынын Умөталиев көчөсүнүн
жашоочуларынын таза суу боюнча
жазган арызы жөнүндө
Гулчө айылдык округунун айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 4 –заседаниеси Гүлчө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы З Түгөлбаеванын билдирүүсүн угуп, талкуулап жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын» 36- беренесинин 1- пунктун жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
«Гульша-Суу» ишканасынын кызматкерлери тарабынан Уметалиев көчөсүндөгү суу түтүктөрүн кайрадан оңдоп берүү жагы «Гульша-Суу» коомдук бирикмесинин башчысы М.Турганбаевге милдеттендирилсин.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл өкмөтүнун башчысы Б.Таировго милдеттендирилсин.
Гулчө айылдык Кенешинин төрагасы: | Ш. Жапанов |