ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 4-заседаниеси
2013-жылдын 19-апрели № 4/5
Гүлчө айылына караштуу Чакмак айылына түнкү
жарыктарды орнотуу боюнча.
Гулчө айыл өкмөтүнун айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 4–заседаниеси Чакмак айылынын айылдык кеңешинин депутаты Р. Борчиевдин билдрүүсүн угуп талкуулап жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жонундогу мыйзамынын» 36- беренесинин 1- пунктун жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылына караштуу Чакмак айылына тунку жарыктарды орнотуу үчүн Гүлчө айыл өкмөтүнүн алты айдын жыйынтыгынан тушкон акча каражатынын эсебинен каралсын.
2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыздоо Гулчө айыл өкмөтүнүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы М.Тажиковага милдеттендирилсин.
Гулчө айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ш. Жапанов |