Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-апрели № 4/6
Гүлчө айыл өкмөтунө караштуу бардык
балдар бакчаларындагы берилип жаткан
тамак -аштын абалы жөнүндө
Гулчө айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 4–заседаниеси Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы Ш.Жапановдун билдируусун угуп, талкуулап жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын» 36- беренесинин 1- пунктун жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу №1,2,3,4,5,6- балдар бакчаларындагы берилип жаткан тамак-аштын абалын текшерүү жыйынтыктары түзүлгөн комиссия тарабынан канаттаандырарлык деп белгиленсин.
2. № 3 балдар бакчасынын башчысы Г.Апылаевага кетирилген кемчилдиктери үчүн эскертүү берилип үч айлык мөөнөттө жоюу жагы милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С.Каришовго милдеттендирилсин.
Гулчө айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ш. Жапанов |