Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-апрели № 4/8
Токтогул көчөсүнүн «Байгерчилик»
жамаатынын тургундарынын арызы
жөнүндө.
Гулчө айылдык өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 4 –заседаниеси Гүлчө айылдык кеңешинин депутаты К.Исмаиловдун билдирүүсүн угуп, талкуулап жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын» 36- беренесинин 1 - пунктун жетекчиликке алып.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жүк ташуучу оор автоунаалардын Гүлчө айылынын ички көчөлөрүнө жүрүүсүн токтотуу боюнча Гүлчө айылында жашаган оор автоунаалары бар атуулдарды аныктап тактоо үчүн атайын комиссиянын курамы түзүлсүн.
( тиркеме тиркелет)
2. Жүк ташуучу оор автоунааларды Гүлчө айылынын ички көчөлөрүнө киргизбөө боюнча тийиштүү белгилерди коюу Алай райондук МАИ кызматкерлерине сунушталсын.
3. Ушул токтомун аткарылышын контролдоо жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С.Каришовго милдеттендирилсин.
Гулчө айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ш. Жапанов |