Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-апрели № 4/9
Гүлчө айылы боюнча ар-бир кожолуктан
таштандынын төлөмдөрүн аныктап,
таштанды акысын чектеп беруу жөнүндө
Гүлчө айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 4-заседаниеси «Гүлчө-Тазалык» муниципалдык ишканасынын башчысы Э.Тажиковдун билдируусун угуп, талкуулап жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын» 36- беренесинин 1- пунктун жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылы боюнча ар - бир кожолуктан таштандынын төлөмдөрү аныкталып, таштанды акысын 50 сомдон чектеп берүү жагы белгиленсин.
2. Таштанды ташып кетуу боюнча график ар бир кочонун башында жайгашкан столбага илинип, таштандыны ар жерге токкон адамдарга жамаат башчылары жана СЭС тарабынан козомолдоо жүргүзүлсүн.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыздоо Гулчө айыл өкмөтүнүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы М.Тажиковага милдеттендирилсин.
Гулчө айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ш. Жапанов |