ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 4-заседаниеси
2013-жылдын 19-апрели № 4/10
«Гулчө-Тазалык» ишканасынын менчигинде турган
АЦ ГАЗ-53 автомашинасынын жумуш акысына 1 рейсинин баасын бекитип берүү
жөнүндө.
Гулчо айылдык округунун айылдык Кенешинин 5-чакырылышынын 4-заседаниеси «Гулчо-Тазалык» муниципалдык ишканасынын башчысы Э.Тажиковдун билдируусун угуп,талкуулап жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын» 36- беренесинин 1- пунктун жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
«Гулчө -Тазалык» ишканасынын менчигинде турган «АЦ» ГАЗ-53 автомашинасына иш акысы боюнча 1 рейсинин баасы 2000 сом болуп бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М.Тажиковага милдеттендирилсин.
Гулчө айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ш. Жапанов |