Редакцияот 19.04.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 4-заседаниеси

 

2013-жылдын 19-апрели № 4/11

Гүлчө айыл округуна караштуу № 6

« Балбөбөк» балдар бакчасына ашкана жана азык-түлүк сактоочу жай куруу үчүн үлүштүк (түрткү берүүчү) гранттардын эсебинен ишке ашыруу үчүн сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө

 

Гүлчө айылдык округунун айылдык кенешинин 5-чакырылышынын 4-заседаниеси Кыргыз Республикасынын үлүштүк (түрткү берүүчү) гранттардын эсебинен Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу № 6 «Балбөбөк» балдар бакчасына ашкана жана азык-түлүк сактоочу жай куруу үчүн жазылган долбоорду карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын» 36- беренесинин 1- пунктун жетекчиликке алып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Гүлчө айыл округуна караштуу № 6 « Балбөбөк» балдар бакчасына ашкана жана азык-түлүк сактоочу жай куруу үчүн жазылган долбоорду карап чыгып үлүштүк (түрткү берүүчү) гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган долбоордо көрсөтүлгөн өздүк салым 357559 сомдун 50 пайыздык өздүк салымды элдин күчү менен камсыз кылат жана 50 пайызын 178 779 сом Гүлчө айыл окмотунун бюджетинен болунуп берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Таировго милдеттендирилсин.

 

Гулчө айылдык

Кеңешинин төрагасы:

Ш. Жапанов