ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 4-заседаниеси
2013-жылдын 19-апрели № 4/15
Гүлчө айылында жайгашкан соода сатык дүкөндөрүнүн жана кафелеринин иштөө тартиби жөнүндө
Гүлчө айылдык округунун айылдык кенешинин 5 чакырылышынын 4 заседаниеси Гүлчө айылдык кенешинин төрагасы Ш.Жапановдун билдирүүсүн угуп, талкуулап жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын» 36- беренесинин 1- пунктун жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Гүлчө айылында жайгашкан бардык соода сатык дүкөндөрү, кафелери жана башка камок, ларектер 2013-жылдын 20-майынан баштап 1-июнуна чейин иштөө графиги 08.00 дөн 23.00 гө чейин болуп бекитилсин.
2.Гүлчө айылында жайгашкан бардык кафе жана ресторандарында мектеп окуучуларынын оюн-зоок кечелерин өткөрүүгө тыюу салынсын.
3. Гүлчө айылында жайгашкан бардык соода сатык дүкөндөрү, кафелери жана башка камок, ларектер мектеп окуучуларына тамеки, энергетикалык жана спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Таировго милдеттендирилсин.
Гулчө айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ш. Жапанов |