Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-апрели № 4/16
Гүлчө айыл өкмөтү М.Адышев атындагы орто мектебине таза суу
түтүгүн киргизүү үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Гүлчө айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин 5 чакырылышынын 4 заседаниеси Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Таировдун билдирүүсүн угуп,талкуулап жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын» 36- беренесинин 1- пунктун жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн М.Адышев атындагы орто мектебине таза суу түтүгүн киргизүү үчүн 2012– жылдын ашыкча түшкөн кирешенин эсебинен 2013- жылдын 1- январь айына карата калган калдыктан мектептин 2215-берененин 22156900 элементине 30,2 (отуз мин эки жуз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-январына карата калган калдыкка 2013- жьшдын бюджеттик сметасынын чыгаша белутуне кошумча план киргизип беруу жагы Алай райондук каржы бөлумунөн суралсын.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гулчө айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Таировго жана бөлунуп берилген акча каражатын максаттуу чыгымдалышын айыл өкмөтунун финансы-экономика бөлумунун башчысы М. Тажиковага милдеттендирилсин.
4. Гүлчө айыл өкмөтүнүн М.Адышев атындагы орто мектебине таза суу түтүгүн киргизүү жана бүткөрүлгөндөн кийин мектептин директору А.Молдокуловага сапаттуу өткөрүп алуу жагы милдеттендирилсин.
Гулчө айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ш. Жапанов |