Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-сентябры № 110/23-26
Жайыт жерге мал кайтарууга пайдалануу үчүн төлөмдөрдү киргизүү, жер комиссиасынын актын бекитүү, Жайыт колдонуучулардын коомунун 2014 жылдык планын жана бюджетин бекитүү жөнүндө
Жайыт комитеттин төрагасынын маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2009 жылдын 26-январяндагы №30чу “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 4-беренесине ылайык, жайыт жерлерин рационалдуу жана болушунча пайдалануу жана жетектөө максатында Орловка шаардык Кенешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жайыт комитеттин төрагасы К.Джумалиевдин отчету канаттандырылды деп эсептелсин.
2. Жайыт жерлерди пайдалануу үчүн 2014 жылга төлөмдөрү төмөндөгү көлөмдө бекитилсин:
- бодо мал - бир баш үчүн 116 сом;
- жылкыларга – бир баш үчүн 116 сом;
- майда мал жандыгына –бир баш үчүн 23 сом.
3. Жайыт жерлердин башка багыттарда пайдалануу максатында төлөмдөрү төмөндөгү көлөмдө бекитилсин:
- Орловка шаарынын тоо-лыжа базасынын 48 гектарына - 116 сомдон, 12 гектарына 4500 сомдон.
4. Жер комиссиясынын актысынын негизинде Орловка шаарынын салык алына турган чыныгы жайыт жердин аянты -3915 гектар, колдонууга болбой турган жайыт жердин аянты жана талап кылынбаган жайыт жердин аянты алыстыктан, таштуулуктан, жана суу жетпегендиктин себебинен -3957 гектар аянты бекитилсин.
5. Жайыт комитеттин 2014 жылына сунушталган бюджети жана планы бекитилсин.
6. Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын негизинде Орловка шаарынын мериясы менен Орловка шаарында жайгашкан тоо-лыжа базасынын ортосунда түзүлгөн келишим Жайыт комитетинин кызыкчылыгын ылайыкташтырып кайра түзүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөсү Орловка шаарынын мэрине Дуйшебаев Ж.Р. жүктөлсүн.
Орловка шаардык Кеӊешинин төрагасы | Чанчаров Б.А. |