Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-сентябры № 118 /23-26
ЖЧК “Зет детонэйшн”ге жардыргыч заттардын заводун куруу
“Боромбай” коктусунан 25 гектар жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Орловка шаарынын аймагындагы “Боромбай коктусунан (№ 237/8,2- 7,0га; № 296/31,8- 11,6га; № 272/26,3- 2,5га; № 325/25,8- 3,9га контурлардан) “Өнөр жай, транспорт, коргоо, жана башкага дайындалган жерлерден” ЖЧК “Зет детонэйшн” ге жардыргыч зат заводун курууга 25,0га жер тилкесин 49 жылдык мөөнөткө бөлүп берүү тууралуу кайрылуусун карап жана талкуулап Орловка шаардык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
Орловка шаарынын аймагындагы “Боромбай” коктусунан (№ 237/8,2- 7,0га; № 296/31,8- 11,6га; № 272/26,3- 2,5га; № 325/25,8- 3,9га контурлардан) “Өнөр жай, транспорт, коргоо, жана башкага дайындалган жерлерден” ЖЧК “Зет детонэйшн” ге жардыргыч зат заводун курууга 25,0га. жер тилкеси 49 жылдык мөөнөткө бөлүнүп берилсин.
Орловка шаарынын мэри ЖЧК “Зет детонэйшн” ге 25,0 га жер бөлүп берүүго чечим чыгарылсын жана ижара келишими түзүлсүн.
Орловка шаарынын мэриясынын жерге жайгаштыруу жетектөөчү адиси жер тилкесин бөлүп берсин жана тийиштүү документтерди түзсүн.
Кемин райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды катто боюнча башкармасына жерге айыл-чарбалыкка келтирилбеген пайданы санап, жер учет документациасына толуктоо киргизүү менен мамлекеттик каттодон өтүүгө өтүнүч киргизилсин.
Орловка шаардык Кеӊешинин төрагасы | Чанчаров.Б.А. |