Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 21-февралы № 10/6
Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Күң-Элек айылынын
“Куу-Там” участкасындагы айыл чарба багытындагы таштуу жайыт жерлерди калктуу конуш жерлерине которуу жөнүндөгү Ленин айыл өкмөтүнүн 21.02.2014-жылдагы
№ 10 токтомун бекитуу жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн Күң-Элек айылында туруктуу жашап көп жылдар бою кезекте тургандарга Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-беренесинин 1-пунктуна ылайык Ленин айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Күң-Элек айылындагы Куу-Тамучасткасындагы айыл чарба багытындагы жерлери калктуу конуш жерлерине которулсун.
2.Райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан жер кадастрына өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы суралсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ленин айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Жоробеков
|