Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-июну № 6/1
Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу мектептерде 1-4-класстын окуучуларына чашке
тамагынын берилишинин абалы жана капиталдык ремонтко бөлүнгөн акча каражаттарын
максаттуу пайдаланышы жөнүндө.
Гүлчө айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 6- заседаниеси Гүлчө айылдык Кеңешинин депутаты К.Исмаиловдун билдирүүсүн угуп талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын» 36- беренесинин 1-пунктуна негизденип
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Гулчо айылдык Кеңешинин депутаты К.Исмаиловдун билдируусу жана текшеруу комиссиясынын чечимине Парманас, Аданбаева орто мектептеринде кетирилген кемчиликтер белгиленсин.
Текшерүү комиссиясы аныктаган кемчиликтерди 15.05.2013-жылга чейин жою жагы мектеп директорлору Ж.Абытов жана Б.Алмаматовго милдеттендирилсин.
Келтирилген кемчиликтерди өз убагында аткарылышын козомолго алуу жагы Гулчо айыл окмотунун башчысы Б.Таировго милдеттендирилсин.
Гулчө айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ш. Жапанов |