Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-июну № 6/4
№3 Наристе балдар бакчасындагы социалдык жактан муктаж болгон
балдарга жардам көрсөтүү боюнча балдар бакчасынын башчысы
Г.Аплаеванын жазган арызы жөнүндө.
Гүлчө айылдык Кенешинин 5-чакырылышынын 6-заседаниеси Гүлчө айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы З.Туголбаеванын билдирүүсүн угуп талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын» 36-беренесинин 1-пунктуна негизделип
ТОКТОМ КЫЛАТ:
№3 Наристе балдар бакчасында тарбияланып жаткан Мансуров Динистан 50% өлчөм менен ата-энелер төлөмүн төлөсүн, ал эми Пирмамат кызы Муңдайым ата-энелер төлөмүнөн бошотулсун.
Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы балдар бакчалар боюнча эсепчи Б.Жолдошовага милдеттендирилсин.
Гулчө айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ш. Жапанов |