ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин
III чакырылышынын XII сессиясы
2014-жылдын 5-марты № 79/12-3
Кассир кошумча штаттык бирдигин
түзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Токмок ш. мэринин 19.02.2014-ж. чыг.№135/1-4 кайрылуусунун жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармалыгынын 1994-жылдын 23-июлундагы №1/7 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кассалык операцияларды жүргүзүү Тартибинин негизинде, иштин көлөмүнүн көбөйгөндүгүнө байланыштуу (ӨКМдин Токмок ш. бөлүмү, АӨКБ, кварталдык комитеттер), Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳгү”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳгү” Мыйзамдарына ылайык жана экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык Кеңешинин аппаратынын жана Токмок ш. мэриясынын Кассири кошумча штаттык бирдигин түзүүгө макулдук берилсин.
2. Токмок шаарынын каржы бөлүмүнүн башкаруучусу (Котко Н.Т.) тарабынан Кассир штаттык бирдигин кармоого жергиликтүү бюджеттен каражат каралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык Кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Токмок Шаардык Кенешинин төрагасы | Р.Таманбаев
|