Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин
III чакырылышынын XII сессиясы
2014-жылдын 5-марты № 75/12-3
Европалык Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкы
колдогон «Суу менен камсыздоо жана суу бөлүштүрүү боюнча
кызматтарын жакшыртуу» долбоорун ишке ашырууга
насыя алууга макулдук берүү жөнүндө
«Токмок Водоканал» МИ директору М.К.Джаманбаевдин 04.03.2014-жылдагы №124 кайрылуусунун негизинде, шаардык суу менен камсыздоо тутумун өнүктүрүү максатында жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ», «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Мыйзамдарына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Европалык Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкы колдогон «Суу менен камсыздоо жана суу бөлүштүрүү боюнча кызматтарын жакшыртуу» долбоорун ишке ашырууга 2,0 млн. евро өлчөмүндө насыя жана 3,0 млн. евро грант алууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, өнөр жай, курулуш, архитектура, унаа жана турак-жай коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Токмок шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөлсүн.
Токмок Шаардык Кенешинин төрагасы | Р.Таманбаев
|