ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 6-заседаниеси
2013-жылдын 20-февралы № 7/1
Гүлчө айылында жайгашкан соода-сатык дүкөндөрүнүн,
кафелердин,ресторандардын иштөө тартиби
Гүлчө айыл кенешинин 5-чакырылышынын 7-заседаниеси Гүлчө айыл кенешинин төрагасы Ш.Жапановдун билдируусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын « Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын » 36 - беренесинин 1 - пунктун жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Гүлчө айылында жайгашкан кафе-ресторан,ашкана,соода-сатык дүкөндөрү(камок,ларек),компьютердик жана бильярд залдары 2013-жылдын 20-августунан ушул жылдын аягына чейин иштөө графиги 08-00 дөн 23-00 гө чейин болуп бекитилсин.
2.Гүлчө айылында жайгашкан кафе-ресторан,ашкана,соода-сатык дүкөндөрү(камок, ларек) спирт ичимдиктерин 19-30 дан баштап сатууга тыюу салынсын.
3.Гүлчө айылында жайгашкан бардык кафе жана ресторандарына мектеп окуучуларынын оюн-зоок кечелерин откорууго тыюу салынсын.
4. .Гүлчө айылында жайгашкан бардык соода-сатык дүкөндөрү,кафелери жана башка камок,ларектер мектеп окуучуларына тамеки ,энергетикалык жана спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Алай районлук РИИБ нүн башчысы Т.Кадыркуловго жана Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Таировго милдеттендирилсин.
Гулчө айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ш. Жапанов |