Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 4-октябры № 8/1
КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү» мызамынын талаптарына ылайык айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлердин конкурстук негизинде берилиши жана ижара акыларынын өндүрүлүп төгүлүшүнүн абалы жөнүндө
Гүлчө айыл Кеңешинин 5-чакырылышынын 8-заседаниеси агрардык жана жер реформасы жөнүндөгү маселелер боюнча туруктуу комиссиясянян төрагасы М. Кадырбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын» 36-беренесинин 1-пунктун жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу КБФ жерлери КР Жер кодексинин мызамдарына ылайык берилип жаткандыгы белгиленсин.
2. КБФ нун жерлеринин ижара акыларынын өндүрүрлүп төгүлүшү Гүлчө айыл өкмөтүнүн салык инспекторлоруна жана айыл башчыларына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С. Каришовго милдеттендирилсин.
Гулчө айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ш. Жапанов |