ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 6-заседаниеси
2013-жылдын 4-октябры № 8/11
Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагында жер жана мүлк салыктарын киргизүү жөнүндө
Гүлчө айыл Кеңешинин 5-чакырылышынын 8-заседаниеси Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 3-бөлүмүнүн 31-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү 17-октябрь 205-жылдагы 3 231 КРнын 3-беренесинин 3-бөлүгүнүн талаптарына ылайык Гүлчө айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагында 1-январь 2014-жылдан баштап жер жана мүлк салыгы колдонууга киргизилсин.
2. Бул токтомдо көрсөтүлгөн салыктарды жыйноо КР Салык кодексинин негизинде жүктөлсүн.
3. Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагында жер салыктарын эсептөө үчүн КР зоналдык коэффициенти 1,2 болуп бекитилсин.
4. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Гүлчө айыл кеңешинин экономика-бюджет, инвестициялар жана ишкердик кылуу боюнча комиссиянын төрагасы А. Апаитов жана Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Таировго милдеттендирилсин.
Гулчө айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ш. Жапанов |