Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 4-октябры № 8/12
Гүлчө айыл өкмөтүнүн Таш-Короо айылындагы китепкананын жана Фельдшердик акушердик пункттун айланасын темир тосмо менен тосуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Гүлчө айыл кеңешинин 5-чакырылышынын 8-заседаниеси Таш-Короо айылынын айыл башчысы М. Тоймаматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Короо айылындагы китепкананын жана ФАПтын айланасын темир тосмо менен тосуп чыгуу үчүн жана мектепке бапуучу жолго шагыл төшөп оңдоп берүү үчүн 2013-жылдын Тазалык ишканасынын сметасындагы 3111 беренесиндеги каралган акча каражатынан маданият бөлүмүнө (708 бөлүмгө) 130,0 (бир жүз отуз миң) сом акча каражатын 3111 беренесине жылдырып берилсин.
2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Таировго жана бөлүнүп берилген акча каражатын максаттуу чыгымдалышын айл өкмөттүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М. Тажиковага милдеттендирилсин.
3. Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы атайын буйругу менен каржыланган акча каражатынын аткарылышы такталып бүткөрүлгөн иш тиешелүү адамдарга өткөрүп берүү жагы каралсын.
Гулчө айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ш. Жапанов |