Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 4-октябры № 8/13
Гүлчө айылынын Муз-Булак көчөсүнө полковник Абдиев Шайлообектин атын коюу боюнча
Гүлчө айыл кеңешинин 5-чакырылышынын 8-заседаниеси Муз-Булак көчөсүнүн атын өзгөрүү боюнча «Тамга-Терек» жамаатынын 16. 08. 2013-жылдагы жалпы чогулушунун № 2 протоколун жана Муз-Булак көчөсүнүн жашоочуларынын 2013-жыл 18-сентябрь № 1 токтомун карап чыгып жана талкуулап аталган көчөдө жашаган полковник Абдиев Шайлообектин атын коюу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылындагы Муз-Булак көчөсүнүн аты өзгөрүлүп көпчүлүк депутаттардын добушу менен полковник Абдиев Шайлообектин ысымы түбөлүккө ыйгарылсын.
2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Таировго тапшырылсын.
Гулчө айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ш. Жапанов |