Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын30-июну № 9/64
№ 14 жол тейлөө ишканасына карьер ачууга жер берүү жөнүндө
№ 14 жол тейлөө ишканасынын жетекчисинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. № 14 жол тейлөө ишканасына Сары-Булак-Арчалы жолунун 26,3 чакырымынан 0,48га, 32,0 чакырымынан 0,30га баары 0,78га айыл чарбасына жараксыз жерден жолду оң абалда кармап туруу үчүн карьер кылып топурак,кум, шагыл алууга берилсин.
2. Карьерге бөлүнүп берилген жердин көлөмү аяктары менен рекултивация кылуу жагы № 14 жол тейлөө ишканасынын жетекчисине милдеттендирилсин.
3. Карьерге берилген жерди жеринде чектеп берүү менен берилген жердин көлөмү аяктары менен рекултивация кылуусун көзөмөлгө алуу жагы Сары-Булак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин экономикалык саясат жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сары-булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б.Элтуйбасов
|