Редакцияот 22.09.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Өзгөн шаардык Кенешинин V чакырылышынын ХV-сессиясы

 

2014-жылдын 22-сентябры № 15/1

Өзгөн шаар мэринин 2014-жылдын 6 айы ичинде аткарган иштери жөнүндө

Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XV ачык сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген «Өзгөн шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууда Өзгөн шаарынын мэри Н. Каримовтун 2014-жылдын 6 айында жүргүзгөн иштери тууралуу отчету жөнүндөгү» маселе боюнча Өзгөн шаарынын мэри Н. Каримовтун отчетун угуп жана талкуулап,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өзгөн шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууда Өзгөн шаарынын мэри Н. Каримовтун 2014-жылдын 6 айында жүргүзгөн иштери  канаттандыраарлык деп  табылсын.

2. Отчету талкуулоонун жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштарды аткаруу боюнча иш-чара түзүү жана анын аткарылышын камсыз кылуу жагы Өзгөн шаар мэриясынын аппаратына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык Кеңешинин төрагасына тапшырылсын.

 

Өзгөн шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

А.Насиров