Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги 1-сессиясы
2014-жылдын 18-марты № 8/3
Жоош айыл өкмөтүнүн 2014-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн жана айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө
Жоош айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу Т.Кадырбекованын 2014-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү жана айыл өкмөтүнүн штаттык бирдиги боюнча билдирүүсүн талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин V-чакырылыш кезектеги VIII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн 2014-жылга карата каралган бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 21322,8 миң сом өлчөмүндө алымча, кошумчасы менен бекитилсин.
2. Жоош айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышын толук камсыз кылуу боюнча жеткиликтүү иш алып баруу жана ай сайын коюлган пландарды аткарууга жетишүү жагы айыл өкмөтүнүн салык инспекциясына жана финансы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин. Башкаруу аппаратынын кызматкерлери 41, анын ичинен айыл башчылар 13, тейлөө кызматкерлери 4 штат бирдиги. Маданият кызматкерлери 16 штат анын ичинен 8 маданият кызматкери, тейлөө кызматкерлери 8 штат бирдиги өлчөмүндө бекитилсин.
3. Жоош айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгү сметанын негизинде 2014-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон статьяларга (эмгек акы, соцфонд, дары-дармек, тамак-ашка чегерүү) каржылануусу белгиленсин
4. Жыл ичиндеги бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө киргизиле турган кошумчалар жана толуктоолор Жоош айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы аркылуу жүргүзүлсүн.
5. Жоош айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча 6 айдын жыйынтыгы менен Жоош айылдык Кеңешинин сессияларында каралсын.
6.Жоош айыл өкмөтүндөгү 2013-жылы жумшалбай калган акча каражаты 2061,0 мин сом кошумча сметанын негизинде жумшалсын.
7. Жоош айыл өкмөтүнүн мурдагы соцфонддон болгон карыздарынын эсебине 2014-жылдын бюджетинде каралган сметанын негизинде 100,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|