Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги 1-сессиясы
2014-жылдын 18-марты № 8/5
Ар түрдүү маселелер (Жоош айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жайыт комитетинин билдирүүсүн кароо жөнүндө)»
Жоош айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жайыт комитетинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги VIII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылы Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыттарда мал, кой-эчкилерди багуу үчүн шарттуу 1 баш кара малга жана жылкыга 110 сомдон, жаш малдарга 77 сомдон, 1 баш кой-эчкиге 22 сомдон жайыт акы төлөө жагы белгиленсин.
2. 2014-жыл ичинде элдин жеке менчик кара малдарын жана кой-эчкилерин багуу үчүн малчы-койчуларга төлөнүүчү акы 1 баш кара малга 500 сомдон, 1 баш кой-эчкиге 100 сомдон төлөө жагы бекитилсин.
3. Жоош айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жайыт комитетинин 2014-жылга түзүлгөн бюджети 220,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Шарттуу мал башына алынуучу салыктарды жыйноо жана жайыттарды үнөмдүү пайдалануусун көзөмөлгө алуу жагы Жоош айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жайыт комитетине милдеттендирилсин.
5. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жар айылында жайгашкан жайыт жерлерин чөпкана эсебинде кыйыр пайдалангандыгы үчүн ижара акынын суммасы 1 гектарына 500 сом өлчөмүндө белгиленсин.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|