Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги 1-сессиясы
2014-жылдын 18-марты № 8/5-1
“Ар түрдүү маселелерди кароо жөнүндө (Мамажан айылынын тургуну Аттокуров Гүлжигиттин арызы боюнча)”
Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын тургуну Аттокуров Гүлжигиттин 05.03.2014-ж. жазган арызын карап жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги VIII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын тургуну Аттокуров Гүлжигиттин эки бөйрөгүнөн жабыр тартып иштебей калгандыгына байланыштуу Казак Республикасынын Астана шаарында жасалма бөйрөк менен аппаратта жашап жаткандыгын эске алып Жоош айыл өкмөтүнүн бюджетинин материалдык жардамга каралган статьясынын эсебинен 10,0 миң сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнүп берилсин жана тийиштүү иш кагаздарын алып баруу жагы Жоош айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу Т.Кадырбековага милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|