Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги 1-сессиясы
2014-жылдын 18-марты № 8/5-2
Ар түрдүү маселелерди кароо жөнүндө (Ак-Жар айылынын тургуну С.Арыкбаевнын арызы боюнча)”
Жоош айыл өкмөтүнүн Ак-Жар айылынын тургуну С.Арыкбаеванын 13.02.2014-ж. жазган арызын карап жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги VIII –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн Ак-Жар айылындагы эски мектептин имаратын колдонуу үчүн архитектуралык корутунду алынгандан кийин ремонттон өткөрүп балдар бакчасын ачууга уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|