Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги VIII-сессиясы
2014-жылдын 18-марты № 8/5-3
“Ар түрдүү маселелерди кароо жөнүндө (Бирдик айылынын тургундарынын арызы боюнча)”.
Жоош айыл өкмөтүнүн Бирдик айылынын тургундарынын 08.02.2014-ж. жазган арызын карап жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги VIII –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн Бирдик айылынын тургундарынын арызында көрсөтүлгөн КОСХнын 17 га жер аянты мамлекеттик чарбага тиешелүү болгондуктан аны дыйкандарга бөлүп берүү маселесин чечүү мамлекеттик чарбага тиешелүү экендиги белгиленсин.
2. Жоош айыл өкмөтүнүн Бирдик айылынын тургундарынын арызында көрсөтүлгөн атуулдардын жер үлүшүнүн соцфонд жана жер салыктарынын төлөмүн төмөндөтүп берүү маселеси Жогорку Кеңеш аркылуу чечиле тургандыгы белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|