Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги VIII-сессиясы
2014-жылдын 18-марты № 8/5-4
“Ар түрдүү маселелерди кароо жөнүндө (Баткен жана башка локалдык куралдуу кагышууларынын катышуучуларынын Кара-Суу райондук уюмунун төрагасы А.Эргешовдун билдирүүсү боюнча)”.
Баткен жана башка локалдык куралдуу кагышууларынын катышуучуларынын Кара-Суу райондук уюмунун төрагасы А.Эргешовдун билдирүүсүн карап жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги VIII –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен жана башка локалдык куралдуу кагышууларынын катышуучуларынын Кара-Суу райондук уюмунун төрагасы А.Эргешовдун билдирүүсүндө көрсөтүлгөн маселе боюнча бардык жеңилдиктерди ай сайын республикалык бюджеттин эсебинен жана 18-сентябрь Баткен согушунун ардагерлер күнүнө айыл өкмөтүнүн бюджетинен 20,0 миң сом акча каражаты берилип жаткандыктан арызда көрсөтүлгөн башка майрамдарда дагы кошумча акча каражатын бөлүп берүүгө айыл өкмөтүнүн бюджети жетишпегендигине байланыштуу жардам берүүгө мүмкүнчүлүк жок экендиги белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|