Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги VIII-сессиясы
2014-жылдын 18-марты № 8/5-5
Ар түрдүү маселелерди кароо жөнүндө (Мамажан айылынын тургундарынан түшкөн арыздарын кароо боюнча)”.
Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын тургундарынан түшкөн арыздарын социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияда карап 2014-жылдын март айындагы өткөрүлгөн комитеттин жыйынынын № 10,11 протоколдорун угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги VIII –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айылдык кеңешинин алдындагы социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын чечиминин негизинде:
- Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын Гараж көчөсүнө Жутанов Зулпукардын аты берилсин.
- Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын № 59 кесипчилик лицейдин көчөсүнө Бекмаматов Алтымыштын аты берилсин.
- Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын бир көчөсүнө Мамытова Суксурдун аты берилсин.
- Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын Сай көчөсүнө Матаипов Турсуналинин аты берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|