Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги VIII-сессиясы
2014-жылдын 18-марты № 8/5-7
Ар түрдүү маселелерди кароо жөнүндө (“Мөлтүр-Тамчы”, “Бал-Тамчы” ж.б.балдар бакчаларынын жетекчилеринин жазган арыздары боюнча)”
Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Мөлтүр-Тамчы”, “Бал-Тамчы” ж.б. балдар бакчаларынын жетекчилеринин жазган арыздарын социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияда карап 2014-жылдын март айындагы өткөрүлгөн комитеттин жыйынынын № 13 протоколдорун угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги VIII –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларында тарбияланып жаткан балдардын тамак-ашы үчүн ата-энелер тарабынан төлөнүүчү 650 сомдун, 50 сому балдарды тарбиялоодо өтүлүүчү сабактарда альбом, апликация, түстүү калем ж.б канцтоварлар тынымсыз иштетилгенине байланыштуу канцтоварларды сатып алуу үчүн жумшоого балдар бакчаларында түзүлгөн ата-энелер комитетинин жыйынынын протоколунун негизинде бөлүнүп берилсин жана жумшалуучу акча каражаттары мыйзам чегинде райондук казына бөлүмү аркылуу жумшоо жагы белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|