Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги VIII-сессиясы
2014-жылдын 16-августу № 9/3
«Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен алынуучу аренда акы, жер салыгы, соцфонддун төлөнүшүнүн жана көп жылга ижарага берүүнүн абалы жана “Султан-Наз” жана “Сарай-Суу” СПАларынын, “Абзел” ИСКАКБнын аткарып жаткан иштери жөнүндө»
Жоош айылдык кеңешинин депутаттары М.Алимбетов, Ш.Жусуповтун жана башка депутаттардын сунуштарынын негизинде Жоош айылдык Кеңешинин V-чакырылыш кезектеги IХ -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен алынуучу аренда акы, жер салыгынын төлөнүшүнүн жана план-тапшырмаларынын аткарылышынын абалы, Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Султан-Наз” жана “Сарай-Суу” СПАларынын, “Абзел” ИСКАКБнын аткарып жаткан иштери жөнүндөгү материалдар даяр эместигине байланыштуу Жоош айылдык кеңешинин кезексиз сессиясында кароого калтырылсын..
2. Жоош айыл өкмөтүнүн жер адисинин билдирүүсүнүн жана айыл өкмөтүнүн аймагындагы ижарачылардын суроо-талаптарынын негизинде кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине алынуучу ижара акынын көлөмү 2008-жылдын 4-мартында өткөрүлгөн Жоош айылдык кеңешинин 3-чакырылыш 31-сессиясынын № 31/4 токтомунда көрсөтүлгөн старттык баа жана аукциондун кадамы өзгөртүүсүз калтырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|