Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги VIII-сессиясы
2014-жылдын 16-августу № 9/4
Участкалык инспекторлордун коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери жана Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы ветеринардык сервистердин аткарып жаткан иштери жөнүндө
Жоош айылдык кеңешинин депутаты Н.Раманованын участкалык инспекторлордун коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери жана Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы ветеринардык сервистердин аткарып жаткан иштери жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин V-чакырылыш кезектеги IХ -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айылдык округунун аймагындагы участкалык инспекторлордун аткарып жаткан иштери канааттандыраарлык деп белгиленсин.
2. Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, окуучулар менен тыгыз байланышта иштөө багытында жеткиликтүү иш алып баруу жагы участкалык инспекторлорго милдеттендирилсин.
3. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы ветеринардык сервистердин (“Жоош” (Борошов М.), “Эшбото-Ата” (Нишанов М), “Ата-Журт” (Муратов Б), “Элчибек” (Токтосунов Э), “Зарбалик” (Исаев З) аткарып жаткан иштери канааттандыраарлык деп белгиленсин.
4. Элдин кара малын, кой-эчкилерин, жылкыларын, тоокторун жана ит, мышыктарын өз убагында эмдөөнү уюштуруу, ар кандай жугуштуу оорулардан сактоо, алдын ала профилактикалык иштерди жүргүзүү, эл арасында Сибирь жарасы, кутурма, бруцеллез, шарп жана башка оорулар жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы ветсервистердин кызматкерлерине милдеттендирилсин.
5. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагында катталган сибирь жарасынын чордондорунда такай иш алып барып, топурактардын анализин жүргүзүп, өз убагында дезинфекциялоону уюштуруу жагы Жоош айыл өкмөтүнүн мал чарба жана ветеринардык тейлөө боюнча адиси Ж.Жоробаевге милдеттендирилсин.
6. Кара малдарды породалуулугун жогорулатуу үчүн кара малдарды жасалма жол менен уруктандыруу зоопунктун ачуу Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы ветсервистерге (“Жоош” (Борошов М.), “Эшбото-Ата” (Нишанов М), “Ата-Журт” (Муратов Б), “Элчибек” (Токтосунов Э), “Зарбалик” (Исаев З) жана Жоош айыл өкмөтүнүн мал чарба жана ветеринардык тейлөө боюнча адиси Ж.Жоробаевге милдеттендирилсин жана жылдын жыйынтыгы менен айылдык кеңештин кезектеги сессиясында билдирүүсү каралсын.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|