Редакцияот 23.08.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги VIII-сессиясы

 

2014-жылдын 23-августу № 10/1

“Сарай-Суу” СПАларынын, “Абзел” ИСКАКБнын аткарып жаткан иштери жөнүндө»

Жоош айылдык кеңешинин депутаты М.Алимбетовдун Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Султан-Наз” жана “Сарай-Суу” СПАларынын, “Абзел” ИСКАКБнын аткарып жаткан иштери жөнүндө билдирүүсүн талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин V-чакырылыш кезексиз Х -сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Сарай-Суу” СПАсынын жана “Абзел” ИСКАКБнын аткарып жаткан иштери канааттандыраарлык деп белгиленсин. Ал эми “Султан-Наз” СПАсынын аткарып жаткан иштери канааттандыраарлык эмес деп белгиленсин.

2. Элди таза суу жана агын суу менен камсыз кылуу жагы “Абзел” ИСКАКБ (Эргешов Т.), “Султан-Наз” (Жээнбаев К.), “Сарай-Суу” (Туркбаев У) СПАларынын жетекчилерине милдеттендирилсин.

3. Ал эми салыктардын жана соцфондко болгон төлөмдөрдүн абалы жакшы эместигин эске алып, салыктарды өз убагында топтоо, соцфондко болгон төлөмдөрдүн өз убагында төлөнүүсүн жетекчиликке алуу жагы “Абзел” ИСКАКБ (Эргешов Т.), “Султан-Наз” (Жээнбаев К.), “Сарай-Суу” (Туркбаев У) СПАлардын жетекчилерине милдеттендирилсин.

4. Айылдардагы жол боюндагы жана үйлөрдөгү колонкаларга винтильдерди орнотуп таза сууну коромжуга учуратпоону кыскартуу, таза суу келүүчү линиядагы трубалардагы тешиктерди өз убагында оңдоо жана таза сууга өз учурунда хлор салып туруу жагы “Абзел” ИСКАКБ жетекчисине Т.Эргешовго тапшырылсын.

5. Элди агын суу менен камсыз кылууда каналдарды өз убагында ремонттон өткөрүү, суу өлчөгүчтөрдү, отводдогу дарбазаларды оңдоо жана элдин эгиндерин сугарууда агын сууну өз убагында камсыз кылуу “Султан-Наз”, “Сарай-Суу” СПАлардын жетекчилери К.Жээнбаевге жана У.Туркбаевге милдеттендирилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Жоош айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

К.Бердикулов