Редакцияот 23.08.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги VIII-сессиясы

 

2014-жылдын 23-августу № 10/2-1

“Ар түрдүү маселелерди кароо  жөнүндө (Жоош айыл өкмөтүнүн Большевик айылынын тургундары И.Ганыевдин жана А.Маматовдун арыздарын кароо боюнча)”

Жоош айыл өкмөтүнүн Большевик айылынын тургундары И.Ганыевдин жана А.Маматовдун арыздарын карап жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезексиз Х -сессиясы

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1. Жоош айыл өкмөтүнүн Большевик айылындагы мончонун жанындагы 0,20 га жер аянтына 2001-жылдын 20-декабрындагы № 1432 токтому менен И.Ганыевге вулканизация куруу үчүн ажыратылып берилген токтом өз күчүндө калтырылсын.

2. Большевик айылынын тургуну А.Маматов токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер аянтын мыйзамсыз ээлеп алгандыгы үчүн тез аранын ичинде ал жерди бошотуу жагы милдеттендирилсин.

3. Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлгө  алуу  айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу  комиссияга  тапшырылсын.

 

Жоош айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

К.Бердикулов