ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги VIII-сессиясы
2014-жылдын 23-августу № 10/2-4
“Ар түрдүү маселелерди кароо жөнүндө (Маданият айылында 03.07.2014-ж., 09.08.2014-ж. өткөрүлгөн элдин жыйындардын протоколдорун бекитүү жөнүндө)”.
Жоош айыл өкмөтүнүн Маданият айылында 03.07.2014-ж.,09.08.20178-ж. өткөрүлгөн элдик жыйындын протоколдорун карап жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезексиз Х -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн Маданият айылында 03.07.2014-ж., 09.08.2014-ж. өткөрүлгөн элдин жыйындардын протоколдорунун токтомунун негизинде түзүлгөн төмөндөгү комиссиянын курамы бекитилсин:
Тиллабаев Ж. | Жоош айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу, комиссиянын төрагасы
|
Кадырбеков И. | Жоош айыл өкмөтүнүн жер адиси, комиссиянын катчысы |
Жолдошов А. | Жоош айылдык кеңешинин депутаты
|
Мурзабаева Р. | Маданият айылынын айыл башчысы
|
Жоробаев Ө. | Жоош айылдык кеңешинин депутаты
|
Бекмурзаев Б. | Жоош айылдык кеңешинин депутаты
|
Токтосунов О. | Маданият айылынын тургундары
|
Орозбаев О. | Маданият айылынын тургундары
|
Айтиев А. | Маданият айылынын тургундары
|
Абдраимов Т. | Маданият айылынын тургундары
|
Абдуллаев Р. | Маданият айылынын тургундары |
Ысакова О. | Маданият айылынын тургундары
|
Аманбаева Т | Маданият айылынын тургундары
|
Райондук архитектура жана мамкаттоо башкармаларынын өкүлдөрү (макулдашуу менен) | |
2. Жоош айыл өкмөтүнүн Маданият айылындагы Султанов Орунбектин үйүнө муниципалдык балдар бакчасын ачууга уруксат берилсин жана ачыла турган балдар бакчасын тамак-аш, электр энергия, көмүр менен камсыздоо, коммуналдык кызмат көрсөтүү маселелери ата-энелерден жана демөөрчүлөрдөн түшүүчү взностун эсебинен каржылансын, ал эми 2015-жылдын бюджетине жогорудагы маселелер сунуш кылынсын, үй ээси менен келишим түзүү маселеси айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Маданият айылында ачылуучу муниципалдык балдар бакчасы үчүн штат бирдигин чечип берүү жагы Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|