Редакцияот 23.08.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги VIII-сессиясы

 

2014-жылдын 23-августу № 10/2-6

“Ар түрдүү маселелер (Жоош айыл өкмөтүнүн Кызыл-Сарай айылына балдар бакчасын куруу үчүн ажыратылуучу жер аянтын тактоо боюнча Кызыл-Сарай айылынын депутаты А.Ормонованын жана Кызыл-Сарай айылынын тургундары Эрматов Жунустун, Мырзанов Алимжандын арызын кароо  жөнүндө)”

Жоош айыл өкмөтүнүн Кызыл-Сарай айылына балдар бакчасын куруу үчүн ажыратылуучу жер аянтын тактоо боюнча Кызыл-Сарай айылынын депутаты А.Ормонованын жана Кызыл-Сарай айылынын тургундары Эрматов Жунустун, Мырзанов Алимжандын арыздарын карап жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезексиз Х -сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жоош айыл өкмөтүнүн Кызыл-Сарай айылына балдар бакчасын куруу үчүн ажыратылуучу жер аянтын жана А.Мырзановдун жерин тактоо боюнча төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн:

 

 

Алимбетов М.

Жоош айылдык кеңешинин депутаты, комиссиянын төрагасы

 

 

Кадырбеков И.

Жоош айыл өкмөтүнүн  жер адиси

 

 

Ормонова А.

Жоош айылдык кеңешинин депутаты

 

 

Исмаилов К.

Жоош айылдык кеңешинин депутаты

 

 

Камилова Б.

Кызыл-Сарай айылынын айыл башчысы

 

 

Жоробаев Ө.

Жоош айылдык кеңешинин депутаты

 

 

Бекмурзаев Б.

Жоош айылдык кеңешинин депутаты

 

 

2. Жоош айыл өкмөтүнүн Кызыл-Сарай айылындагы Эрматов Жунустун үйүнө муниципалдык балдар бакчасын ачууга уруксат берилсин жана ачыла турган балдар бакчасын тамак-аш, электр энергия, көмүр менен камсыздоо, коммуналдык кызмат көрсөтүү маселелери ата-энелерден жана демөөрчүлөрдөн  түшүүчү взностун эсебинен каржылансын, ал эми 2015-жылдын бюджетине жогорудагы маселелер сунуш кылынсын, үй ээси менен келишим түзүү маселеси айыл өкмөтүнө тапшырылсын..

3. Кызыл-Сарай айылында ачылуучу муниципалдык балдар бакчасы үчүн штат бирдигин чечип берүү жагы Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.

4. Бул  токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо  боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

 

Жоош айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

К.Бердикулов