Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги VIII-сессиясы
2014-жылдын 23-августу № 10/2-7
“Ар түрдүү маселелер (Кара-Суу районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 25.07.2014-ж. № 788/3 катынын негизинде Жоош айыл өкмөтүнүн 04.08.2014-ж. № 42 токтомун бекитүү жөнүндө))”
Кара-Суу районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 25.07.2014-ж. № 788/3 катынын негизинде Жоош айыл өкмөтүнүн 04.08.2014-ж. № 42 токтомун карап жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезексиз Х -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 25.07.2014-ж. № 788/3 катынын . Кара-Суу районуна караштуу Ак-Таш айылдык аймагындагы Барак айылынын тургундарына берилген Беш-Үй участкасындагы 18,0 га жер аянтына таза суу, электр зымдарын тартуу боюнча чогулуштун 24.07.2014-ж. протоколунун негизинде Жоош айыл өкмөтүнүн Бирдик айылынан 1,0 га жер аянтын таза суу түтүкчөсүн тартуу үчүн жана резервуар куруу учун ажыратып берүү жөнүндөгү 04.08.2014-ж № 42 токтому бекитилсин.
2. Жоош айыл өкмөтүнүн Бирдик айылынан 1,0 га жер аянтынан таза суу түтүкчөсүн тартуу учурунда Бирдик айылынын элин таза суу менен камсыздоо маселеси эске алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо жана жана мыйзамдуулук, мандат укук, дин иштери, инвестиция тартуу, долбоорлор менен иштөө жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|