Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги VIII-сессиясы
2013-жылдын 21-январы № 2/1
Депутаттык полномочиелерди токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамынын негизинде Депутаттардын Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги II -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 1 3 мандаттуу Калинин шайлоо округунан депутат болуп өткөн Жакыпов Памир мамлекеттик кызматкер болгондуктан жана Гайыпов Абдыкар муниципалдык кызматкер болуп иштеп жаткандыктан алардын депутаттык статусу иштеген иши менен айкалышпагандыктан Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамынын негизинде депутаттык полномочиелерин токтотулсун.
2. Депутаттык полномочиеси токтотулган депутаттардын ордуна кезектеги резервде турган депутаттардын көп добуш алганын жана мамлекеттик кызматкер эместигин карап кезектеги талапкерлердин полномочиесин бекитип берүү аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|