Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги IV-сессиясы
2013-жылдын 9-апрели № 4/2
“Жоош айыл өкмөтүнүн 2012-жылда бюджетинин аткарылышы жана 2013-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө”
Жоош айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н. Кадырованын докладын угуп жана талкуулап чыгып бюджет боюнча туруктуу комиссиянын заседаниесинин токтомуна ылайык Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги IV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн 2013-жылга карата каралган бюджети 70159,8 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Жоош айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышын толук камсыз кылуу боюнча жеткиликтүү иш алып баруу жана ай сайын коюлган пландарды аткарууга жетишүү жагы айыл өкмөтүнүн салык инспекциясына жана финансы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин. Башкаруу аппаратынын кызматкерлери 43, анын ичинен айыл башчылар 13, тейлөө кызматкерлери 4 штат бирдиги. Маданият кызматкерлери 13 штат анын ичинен 6 маданият кызматкери, тейлөө кызматкерлери 7 штат бирдиги олчомундо бекитилсин.
3. Жоош айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгү 2013-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон статьяларга (эмгек акы, соцфонд, дары-дармек, тамак-ашка чегерүү) каржылануусу белгиленсин
4. Жоош айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча 6 айдын жыйынтыгы менен Жоош айылдык Кеңешинин сессияларында каралсын.
5.Жоош айыл окмотундогу 2012-жылы жумшалбай калган акча каражаты 1709,9 мин сом кошумча сметанын негизинде жумшалсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|