Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги IV-сессиясы
2013-жылдын 9-апрели № 4/5-1
“Жоош айыл өкмөтүнүн фермердик кошундарынын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечимин кароо жөнүндө”
Жоош айыл өкмөтүндө түзүлгөн фермердик кошунунун мүчөлөрүнүн 28.02.2013-ж. жалпы чогулушунун чечимин карап жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги IV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн фермердик кошундарынын мүчөлөрүнүн 28.02.2013-ж. жалпы чогулушунун негизинде Жоош айыл өкмөтүнүн фермердик кошуну жоюлсун.
2. Жоош айыл өкмөтүнүн фермердик кошунун жоюу иштерин мыйзам чегинде жүргүзүү кошун кеңешинин төрагасы Б.Жаныбековго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жоош айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Гайыповго жүктөлсүн .
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|