Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги IV-сессиясы
2013-жылдын 9-апрели № 4/5-2
"Ар түрдүү маселелерди кароо жөнүндө (Коммунизм, Гайрат жана Зарбалик айылдарына элдин суроо-талабы жана арыздарынын негизинде жамааттык балдар бакчаларын ачуу)"
Жоош айылдык кеңешине келип түшкөн Коммунизм жана Гайрат айылдарына элдин суроо-талабы жана арыздарынын негизинде жамааттык балдар бакчаларын ачуу боюнча келип түшкөн арыз-даттанууларды карап жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги IV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коммунизм жана Гайрат айылдарына элдин суроо-талабын жана арыздарын канааттандыруу максатында жеке менчик үйгө жамааттык балдар бакчасын ачууга уруксат берилсин.
2. Коммунизм жана Гайрат айылдарына элдин суроо-талабынын негизинде ачылуучу жамааттык балдар бакчалары үчүн жеке менчик үй ээлери менен ижара келишимин түзүү жагы Жоош айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Коммунизм жана Гайрат айылдарына ачылуучу жамааттык балдар бакчалары үчүн штат бирдиктерин чечип берүү жагы Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
4. Зарбалик айылынын ата-энелеринин жазган арызы боюнча айыл өкмөтү тарабынан балдар бакчасын курууга мүмкүнчүлүк жоктугуна байланыштуу жеке менчик үй ээлери менен макулдашып жамааттык балдар бакчасын ачуу Жоош айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|