Редакцияот 09.04.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги IV-сессиясы

 

2013-жылдын 9-апрели № 4/5-3

“Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдарга ата-энелери тарабынан төлөнүүчү (родительский взнос) акча каражатын бекитүү жөнүндө”

Жоош айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н . Кадырованын жана балдар бакчаларынын башчылырынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып бюджет боюнча туруктуу комиссиянын заседаниесинин токомуна ылайык Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги IV-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларында тарбиялануучу балдарга ата-энелер тарабынан төлөнүүчү ( родительский взнос ) акча каражаты бир балага 500 сомдон жалпысы 1350,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Айыл өкмөтү боюнча балдар бакчасында тарбияланган балдарга тамак-ашы үчүн, айыл өкмөтүнүн бюджетинен бир жылга 269,5 миң сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Жоош айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

К.Бердикулов