Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги IV-сессиясы
2013-жылдын 9-апрели № 4/5-4
“Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Маданият орто мектебинин спорт залын кайрадан оңдоо, жалпы мектепти капиталдык оңдоодон өткөрүү, электр жылытуу системаларын жаңылоо үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө”
Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Маданият орто мектебинин спорт залын кайрадан оңдоо, жалпы мектепти капиталдык оңдоодон өткөрүү, электр жылытуу системаларын жаңылоо үчүн акча каражатын бөлүү максатында Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги IV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Маданият орто мектебинин спорт залын кайрадан оңдоо, жалпы мектепти капиталдык оңдоодон өткөрүү, электр жылытуу системаларын жаңылоого түзүлгөн чыгымдар сметасынын жалпы суммасынын 12 пайызы 550,0 миң сом акча каражаты Жоош айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2013-жылдын кирешесинин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|