Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги IV-сессиясы
2013-жылдын 9-апрели № 4/5-6
“Ар түрдүү маселелерди кароо жөнүндө (Кыргыз Республикасынын коргоо министрлигинин Оштогу аскердик турак жай пайдалануу бөлүмүнүн № 156 25.03.2013-жылдагы катын кароо боюнча)”
Жоош айылдык кеңешине 25.03.2013-жылдагы № 156 катты карап чыгып жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги IV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын коргоо министрлигинин Оштогу аскердик турак жай пайдалануу бөлүгүнүн № 156 25.03.2013-жылдагы катында көрсөтүлгөн Агартуу айылында жайгашкан эски аэропорттун 8,41 га жер аянтын трансформациялоого иш кагаздарын даярдап берүү жөнүндөгү каты боюнча депутаттык комиссия иликтеп Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Кыргыз Республикасынын коргоо министрлиги тарабынан аскер бөлүгү жайгашкан аймакты өзгөртүү (передислакация) боюнча Указ же токтом болмоюнча жер аянтын ажыратып берүүгө мүмкүн эместиги белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|