Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги IV-сессиясы
2013-жылдын 9-апрели № 4/5-7
“Ар түрдүү маселелерди кароо жөнүндө (Калинин айылынын тургундарынын 10.03.2013-жылдагы жана Сматов атындагы орто мектебинин 23.03.2013-жылдагы арызын кароо боюнча)”
Жоош айылдык кеңешине 10.03.2013-жылдагы Калинин айылынын тургундарынын арызын карап чыгып жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги IV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин суулуу жерлерден үй жана башка курулуштарды курууга жарыяланган мораториясынын негизинде Калинин айылынын жаштары үчүн машыгуу спорт аянтчасын курууга суулуу жерден жер аянтын ажыратып берүүгө мүмкүн эместиги белгиленсин.
2. Калинин айылындагы А.Сматов атындагы орто мектебинин авариялык абалда экендигин эске алып жаңы мектеп курууга жана тийиштүү мекемелерге иш кагаздарын даярдап жөнөтүү жагы Жоош айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|