Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги IV-сессиясы
2013-жылдын 9-апрели № 4/5-8
“Ар түрдүү маселелерди кароо жөнүндө (Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси Т.Таеванын арызы боюнча)”
Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси Т.Таеванын жазган арызын карап жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги IV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси Т.Таеванын арызынын негизинде медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына Жоош айыл өкмөтүнүн башчысынын резервдик фондунун эсебинен акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|