Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги IV-сессиясы
2013-жылдын 9-апрели № 4/5-9
“Ар түрдүү маселелерди кароо жөнүндө
(Мамажан айылынын тургуну К.Жоробаевдин арызы боюнча)”
Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын тургуну К.Жоробаевдин жазган арызын карап жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги IV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылынын тургуну К.Жоробаевдин Ак-Жар айылынан 13,0 га жер аянтына курулуш куруу боюнча жазган арызынын негизинде суралган жер аянты кайра бөлүштүрүү фондунун жери болгондугуна байланыштуу трансформация болмоюнча ал жерди берүүгө мүмкүн эместиги белгиленсин..
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|