Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги IV-сессиясы
2013-жылдын 9-апрели № 4/11
“Ар түрдүү маселелерди кароо жөнүндө
(Зарбалик айылынын тургундарынын коллективдүү арызын кароо боюнча)”
Жоош айыл өкмөтүнүн Зарбалик айылынын тургундарынын 20.01.2013-жылдагы жазган коллективдүү арызын карап жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги IV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн Зарбалик айылынын бир көчөсүнө Мамиев Орозбайдын аты берилсин.
2. Мамиев Орозбайдын аты коюлган көчөнү көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана жолдоруна шагыл төгүп оңдоо, дарактарын актөө жагы баласы жана бир туугандарына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|