Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги IV-сессиясы
2013-жылдын 9-апрели № 4/12
“Ар түрдүү маселелерди кароо жөнүндө
(Питомник айылынын тургундары М.Маматкулов жана Д.Абдикаримовдордун арызын кароо боюнча)”
Жоош айыл өкмөтүнүн Питомник айылынын тургундары М.Маматкулов жана Д.Абдикаримовдордун 03.04.2013-жылдагы жазган арызын карап жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезектеги IV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн Питомник айылынын тургуну М.Маматкуловдун кайра бөлүштүрүү фондунан ижарага алып иштетип жаткан 5,0 га жер аянтынын иштетүү мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу аны узартууну кароо жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
2. Жоош айыл өкмөтүнүн Питомник айылындагы 25 жылдан бери иштетилбей кароосуз калган мончону оңдоп ижара акы төлөө жолу менен эл үчүн иштетүүгө Питомник айылынын тургуну Д.Абдикаримовго уруксат берилсин жана тийиштүү иш кагаздарын даярдоо бүткөндөн кийин ижарага берүү жана мончону өз максатында иштетүүнү көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Бердикулов
|